7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти

866

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымдаган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлуп, ошондой эле депутат Жанар Акаев, Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришкен.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакырылган. Бирок, жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес.

УКМКга келип түшкөн маалыматтардын негизинде депутат Жамгырчиевдин Кыргызстандын аймагында жок болушу, анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүн аймагында болуусунан кабар берет.

Ушуга байланыштуу УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312)660475, (0312)626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну суранат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

867