7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты ири алдамчылыкка шектелип кармалды

264

«Береке курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору, «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У.Ч. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. менен жаран А.А. ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу боюнча үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Аталган келишимдин негизинде А.А. Ош шаарынан жалпы аянты 45 сотых болгон жер тилкесин курулуш үчүн берген.

Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш иштери аяктагандан кийин курулуш компаниясы 2750 чарчы метр турак жай аянтын А.А.га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок тергөөнүн маалыматына караганда, С.У.Ч. өзүнүн кызматтык жана жеке таасирин пайдаланып, келишимдик милдеттенмелерди аткарган эмес жана жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган.

Аталган факт боюнча С.У.Ч.га карата өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айып тагылып, тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

265