Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган редакциясына кол койду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.
Буга чейин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынып жана 2022-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен артка кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча курамында 9 мүчөсү менен макулдашуу тобу түзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өкүлдөрү).
2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды.