Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Анда мындай деп айтылат.
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Улуттук баш кийим — Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм! Ак калпак — кыргыз элинин уникалдуу маданиятынын бир үлгүсү, өлкөбүздүн башкы символу. Акыркы жылдары бул күндү майрам катары белгилүү жакшы салтка айланды. Анткени, ушул күнү улуттук баш кийимибизге гана сый-урмат көрсөтпөстөн, кыргыз элинин көөнөрбөс каада-салтын жана үрп-адатын даңазалап келебиз. Айрыкча быйылкы Ак калпак күнүнүн шаң менен белгиленип жатышы кубандырат. Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден-соолук, ырыс-кут каалайм! Мамлекетибизде тынчтык жана ынтымак өкүм сүрүп, өнүгө берсин!