Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берди.
Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эл өкүлдөрүнө төш белги жана ырастама тапшырды.
Белгилей кетсек, алгачкы жыйынды жаңы депутат Шарапаткан Мажитова алып барды. Парламенттин алгачкы жыйынын депутаттардын эң аксакалы ачып, ал төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда ушул жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.