7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нургүл Бакирова жаңы жыл алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди берди

860

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылына барып, жаңы жыл алдында балдарды куттуктап белектерди тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кеңеш айылынын жалгыз бой эне С.А. аттуу тургунунун беш баласына белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырып, акчалай дагы жардам көрсөттү.

Ушул эле айылдын тургуну, жети баланын энеси А.А. аттуу жарандын үйүнө барып кабар алып, балдарга белектерди тапшырып, бул үй-бүлөгө дагы азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү.

«Жаңы жыл майрамын балдар өзгөчө аруу тилек менен күтөт, аларга майрамдык маанай тартуулап, ар дайым көңүлдөрүн көтөрүп туруу керек», — деп, балдарга жана аларды тарбиялап жаткан ата-энелерине чын ден-соолук, окууларына ийгиликтерди, жаңы жылда бардык ой-максат, тилектер ишке ашуусун каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861