7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жол фонду» мыйзам долбоору тууралуу жыйын өтүүдө

634

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Жол фонду жөнүндө» Мыйзам долбоорлорун талкуулоодо.

Парламенттик жыйын депутат Бактыбек Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдар, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорлору 6-чакырылыштагы депутаттар тарабынан биринчи окууда кабыл алынганын эске салды. Бирок, талкуулардын жүрүшүндө көптөгөн сын-пикирлер, сунуштар түшүп, алар экинчи окууда каралмак болгон. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун негизги максаты жол тармагынын иштешинин финансылык базасын чыңдоо болуп саналат. Бул жол тармагын өнүктүрүүгө жана тышкы карызды тейлөөгө мүмкүндүк берет.

«Мыйзам долбоорлорунун милдети – Жол фондун түзүү аркылуу өлкөнүн автожол тармагын өнүктүрүүгө багытталган бюджеттик кирешелердин айрым түрлөрүн бириктирүү», — деди У.Ормонов.

Баяндамачы белгилегендей, Жол фондун 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү сунушталууда. Ошону менен бирге Жол фондунун бюджетин жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү, автотранспорт каражаттарын каттоо, максималдуу габариттерди таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдардан жана башка булактардан түзүү сунушталууда. Күйүүчү-майлоочу майларга акциздик салыктын базалык ставкасын көтөрүү сунушу айтылган сын-пикирлерден кийин четке кагылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев өз сөзүндө жол тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн механизмдери сунушталып жаткандыктан, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, курулуш жана реконструкциялоо үчүн 30 жылдан ашык убакытта 2200 миң км жолдорго 2,5 миллиард доллар жумшалды, бул республиканын тышкы карызынын 60% түзөт.

«Жол фондунун бюджетинин эсебинен 200 чакырым жолду капиталдык оңдоп-түзөө, аймактарда жолдорду куруу пландалууда. Фонддун ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, ал эми көзөмөлдөө Финансы министрлигине жүктөлөт», — деди Аалиев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635