Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык, 21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы Ысык-Көл берметинин жээги “Дельфин” пансионатында өткөрүлөт.
ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков кароо-сынактын өткөрүлүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышып, аныкталган кемчиликтерди жана аткарылуучу жасалгалоо, жабдыктоо иштеринин тез аранын ичинде бүтүрүү боюнча эл аралык кароо-сынагынын уюштуруу комитетине талап-тапшырмаларды койду.
Башкы башкармалыктын жетекчи келген конокторду тосуп алып, аларды жайгаштырууда жаткыруучу бөлмөлөрүнүн абалын, кароо-сынагы өткөрүлүүчү жайды жасалгалоо, жабдыктоо жана техникалык абалын, суу жээгиндеги коопсуздуздук чараларын, маданый жана спорттук аянтчаларын, тамактануучу жайларын жеринен көрүп, кароо-сынагынын уюштуруу камитетине бул өспүрүмдөрдүн катышуусундагы эл аралык деңгээлдеги иш-чараны кемчиликсиз жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрүлүп, тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгууну, уюштурууну, даярданууну күчөтүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.