Ысык-Атадагы жол кырсыктан «Түндүкэлектронун» үч кызматкери каза болуп, 6 жаран ооруканада. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата району Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы кагышып, УАЗ оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толук өчүрүлгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп 6 адам жабыркаган. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.