7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол тескөөчүлөрдөн качкан балдар жол кырсыгына кабылып, үчөө каза болду

624

Бишкекте кайгуул кызматкерлеринен качып бара жаткан жаш балдар жол кырсыгына кабылып, үчөө жеринен каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуулчулар шаардын көчөлөрүн кыдырып жүрүп, Тоголок Молдо көчөсүнөн белгисиз адамдар «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаага адамды тыгып баратканын байкашкан. Кайгуул кызматкерлерине шек жаратып, алар анын артынан түшүшкөн.

«Сигналдын катуу сүйлөгүч аппараты аркылуу унааны текшерүү үчүн токтотууну талап кылышкан, бирок айдоочу ылдамдыгын жогорулатуу менен кыймылын улантып, жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген»,- деп берилет маалыматта.

Кайгуул кызматкерлери айдоочуну бир нече ирет мыйзамга баш ийүүсүн талап кылышкан, бирок унаа кайгуулчулардан алыстап, көрүнбөй калган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, аталган унаа төмөнкү Ала-Арча айылында кырсыкка учураган. Катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа алгач даракты, андан соң Тоголок-Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир-бетон тосмону сүзгөн.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмакерлери биринчи жардам көрсөтүшүп, дароо тез жардам чакырышкан. Белгилүү болгондой, унаада 5 адам болгон. Үч адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду (өздүктөрү такталууда), ал эми 2003-жылы туулган Н.А. жана 2005-жылы туулган У.М. №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625