7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол жээктерине аттардын, патрулдук унаалардын макеттери орнотулат

305

Жайыл районунда жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.

Айдоочулардын жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, жол жээгиндеги орто билим берүү мекемелеринин алдындагы жөө өтмөктөргө патрулдук унаалардын макеттерин жана жарык чагылдыруучу жаныбарлардын макеттерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул чара айдоочулардын көңүлүн окуу жайларынын жанында жана ашууларда этият болууга буруу жана балдар көп жүргөн жол тилкелеринде ылдамдыкты азайтуу зарылдыгын эскертүү максатын көздөйт.

 

 

306