Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына өттү.
16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.
Шаршенбеков биринчи атаандашы литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде жеңди, андан соң грузиялык Придон Абуладзеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 45 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.
Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.