7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоокерлерге жеңилдик берип, акча алып турган Аскер кызматкерлери кармалды

306

УКМК тарабынан Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды.

Маалыматка караганда, алар кыска мөөнөттүү өргүү алууга жана аскер бөлүктөн уруксатсыз чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, уюлдук телефон колдонууга уруксат берип жоокерлерден акча алып турушкан. Аталган жеңилдиктерди бергени үчүн аскерлерден 1 000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышкан. Мындай көрүнүш «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө аныкталган.

«Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси менен иш козголду. Кылмыш ишинин алкагында милициянын майору Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды»,- деп жазылат билдирүүдө.

Коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланууда.

307