7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖОЖдун жасалма дипломдорун саткан чет элдик жаран кармалды

802

Чет өлкөлүктөр үчүн Кыргызстандын Жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду жасалма жана сатууну уюштурган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерине 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын берип жаткан учурунда «М.А.» аттуу чет элдик жаран кармалды.

Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөнү тууралуу жасалма дипломдорду иш жүзүндө окубаган чет элдик жарандарга таратуу, ошондой эле документтерди жасалмалоо, башка мамлекеттерде билим алганын тастыктаган, анын негизинде биздин окуу жайларга андан ары билим алуу үчүн которулгандыгы үчүн канал уюштурганы аныкталды.

Кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда 610 миң сом жана 31 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын дипломдору жана жасалмалуулуктун белгилери бар башка документтер табылып алынды.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803