7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Кытайдын мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү

418

Бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары, Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду:

— КРнын Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата кызматташуу программасы;

— Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссия түзүү жөнүндө протокол;

— Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Тяньцзинь (Кытай Эл Республикасы) шаарынын ортосундагы боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы маданий баалуулуктарды уурдоону, жашыруун казууларды, мыйзамсыз ташып келүүнү жана чыгарып кетүүнү алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен берилүүчү «Көчмө оорукана» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өткөрүп алуу актысы;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жогорку сапаттагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча Биргелешкен иш-чаралар планы;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясынын ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өндүрүштүк кубаттуулукту жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

— Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарбасы жана айыл министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата айыл чарбасы чөйрөсүндөгү кызматташуу планы;

— Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытай медиа тобунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;

— КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы “Жибек жолунун алыскы шамалы” биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

— КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

—  Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу;

— Билим берүү жана илим министрлиги менен Стандартташтыруу боюнча “Алкак жана жол” кесиптик билим берүү Альянсы эл аралык уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

—  Энергетика министрлиги менен “Universal Energy Co. Ltd” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

— Энергетика министрлиги менен “China Energy International Group Co Ltd” жана “China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd” компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Ош шаарынын мэриясы менен «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

419