Кыргызстанда көркүнө сөз жетпеген бир эмес, бир нече жерлер бар. Алардын ичинен түндүк-түштүк жолун аралап өткөн Чычкан капчыгайы.
Чычкан капчыгайы кышы-жайы болобу көркүнөн жазбаган жердин мыктысы. Чычкан капчыгайы Тянь-Шань тоолорунда, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктиктен орун алып, республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирген Бишкек — Ош унаа жолунун 246-251-чакырымында жайгашкан.
Кереметтүү шаркыратма, барбарис менен Тянь-Шань карагайлары, каскаддар менен жылтылдаган тунук тоо агымдары, Саз-Көл жана башка эс алуучу жайлар Чычкан капчыгайына тартып турат.
Көбүнчө ал жакка тоо туризмин жана балык уулоону сүйгөндөр барат. Капчыгайдын аймагында көптөгөн туристтик комплекстер, мейманканалар, эс алуучу жайлар бар.
Бишкектен Ошко чейинки узун жолду басып өтүүдө тыныгууга ыңгайлуу жерлерге барып, эс алып кетсеңиздер болот.