7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖРТда эң көп балл алган Кызжибекти милициядан барып куттукташты

1204

Жалпы республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку балл алган Ош шаарындагы С.Киров мектебинин бүтүрүүчү Кызжибек Жээнбекованы Ош ШИИБ куттуктап барышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишев бүгүн аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу салтанатына катышып, 11-классынын бүтүрүүчүсү, республикалык тестирлөөдөӊ жогорку балл алган Кызжибек Жээнбекованы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атынан куттуктады.

«Ош ШИИБнын жетекчилигинин, өздүк курамынын, үй бүлөмдүн атынан Кызжибек кызыбызды, ата-энесин жана ушундай жакшы билимге сугарган Киров мектебинин педагогикалык жамаатына ыраазычылык билдиремин жана куттуктаймын. Ар бир мыкты билимге ээ болгон окуучу коомубуздун эртеӊки тиреги, таянычы боло алат. Бүгүнкү Кызжибек жана анын классташтары келечекте мыкты кесипке ээ болуп, өлкөбүздүн татыктуу жарандары боло аларына ишенемин»,- деди милиция жетекчиси.

Ошондой эле ал Кызжибек Жээнбековага, ата-энесине, класс жетекчисине белектерди тапшырып, каалоо-тилектерин жолдоду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1205