7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жубайына таарынган жигит поезддин жолуна жатып алган

288

Социалдык тармактарда жигиттин поезддин жолуна жатып алып, машинист токтотууга үлгүргөндүгү боюнча видео тараган. Бул окуя тууралуу Чүй ОИИБден маалымат беришти.

«23-октябрда Жайыл РИИБге саат 09:30 чамасында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирүү түшкөн. Анда Кара-Балтадагы Кожомбердиев көчөсүндө жүк ташыган поезд токтотууга мажбур болгону айтылган. Анда жигит темир жолго чыгып, берилген белгиге реакция кылган эмес. Териштирүүнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган жаран жубайы менен уруша кеткен. Ал жубайын коркутуп, өз жанын кыймакчы болуп, темир жолго чыгып алган. Поезд токтогонго үлгүргөн»,- деп берилет маалыматта. 

Тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечим чыгарылаары айтылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289