Бүгүн, 20-октябрда Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу кыргызгидромет борбору билдирди.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда 18…23;
Талас өрөөнүндө 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 19…24;
Ысык-Көл облусунда 13…18;
Нарын облусунда 15…20 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы 21…23 градус жылуу болот.