7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

382

Жумгал районунда 5 млн сомдук 0,70 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, 0,70 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бекитилип берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан, укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө жергиликтүү сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган.

Аталган соттук актылардын негизинде, райондук прокуратура тарабынан Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына прокурордук акты келтирилип, анын жыйынтыгы менен 5 млн сомдук 0,70 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

383