7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда GALLOPS-2025 туристтик иш-чарасы өтүүдө

212

Жумгалда эл аралык «Gallops Кыргызстан-2025» туристтик маданий иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын алкагында атайын тур уюштурулуп, алгач элиталык спорттун түрү катары эсептелинген «Поло» оюну боюнча оюн көрсөтүлдү.

Андан соң келген меймандар менен биргеликте түндүк көтөрүү салты көрсөтүлдү. Анда конокторго түндүк көтөрүү «бир түндүктүн алдында ынтымактуу бололу!» деген маани экени, кыргыз эли ушул маани-маңызды бекем тутушаары даңазаланды.

Белгилей кетсек, иш-чара 26-июлга чейин уланат.

Маалымат үчүн: Gallops долбоору буга чейин Оман, Марокко, Индия, Иордания сыяктуу мамлекеттерде өтүп, дүйнөлүк спортто жана маданий коомчулукта чоң кызыгууну жараткан.

213