7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 млн сом айып салынды

8

Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 млн сомго жакын айып пул салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Миң-Куш айыл аймагындагы «Шанси Коал Инвестмент Групп» ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аталган ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, сууну пайдалангандыгы үчүн 2024-2025-жылдарга карата 1 млн 484 миң сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.

«Бул чаралар жер, суу мыйзамдарынын талаптарын камсыз кылуу максатында көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

9