Бишкектеги «Дордой» базарындагы өрт 1 миң чарчы метр аянтты каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган. Жумуштар саат 19:41де башталып, өрттү толугу менен саат 01:00дө өчүрүүгө мүмкүн болду.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.



