7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жунушалиев: Кичи аренанын курулушу жаштар форумун өткөрүүгө шарт түздү

7

Д.Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулуп бүтүшү менен масштабдуу маданий иш-чараларды жана эл аралык спорт оюндарын өткөрүүгө мүмкүнчүлк түзүлдү. Бул тууралуу Кабар маалымат агенттиги жазды.

Мэр курулушу аяктап, пайдаланууга берилген арена жөнүндө айтып жатып “Кичи аренанын курулуп бүтүшү ушул күнгө туш келгенин, муну менен жаштарга форум өткөрүүгө шарт түзүлүп жатканы кубандырарын айтты.

Бул жердин бир жыл мурунку ахыбалы кандай болгону жалпыңыздарга маалым. Президенттин чечими менен кичи арена мэриянын балансына өткөрүлүп берилген. Июнь айынын башында келишимдин негизинде курулуш иштери башталып, бул жерде иш жүргүзүп келген тамактануучу жайлар алынып, жыл айланбай пайдаланууга берилип отурат. Бул иштер шаар тургундарынын жана анын меймандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалууда.

Бул көп функционалдуу заманбап аренанын аянты 15 миң чарчы метрди түзөт. 5100 орунга ылайыкталган. Кирип-чыккан адамдардын санын эсептөөчү система, жер алдына 86 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, санитардык зона, кийинип-чечинүүчү жайлары кошо курулду. Долбоорго жалпысынан алганда болжол менен 1 млрд 300 миң сомдун тегерегиндеги каражат жумшалды.

Белгилей кетсек, учурда “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму өтүүдө. Ага борбор калаа жана өлкөнүн аймактарынан келген 5000ден ашуун активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

8