7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналист Адилет Калыгулов: “Ызы чуу кылабыз дегендер камалып, анын башында турган Мадумаров эркиндикте жүрөт”

1330

Журналист Адилет Калыгулов социалдык тармактагы баракчасына депутат Адахан Мадумаров тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.

“Мурдатан парламенттин бир депутатын жоопко тартуу үчүн башпрокурор эл өкүлдөрүнүн макулдугун сураган. Ошол кезде алар макулдук беришпей, кесиптешин коргоп калышканын билебиз. Андан бери бир топ убакыт өттү. Өкүнүчтүүсү, кырдан ашып алгандан кийин сактап калган кесиптештерин ар бир жыйында зекип, сабатсыздар деп теңине албай келет. Бүгүн эми ошол сабатсыз деген кесиптештерине күнү түшүп турат. Саясий упай топтоонун көптөгөн жолдору болот эмеспи. Бирок, ичкен кудугуна түкүрүп, кол сунгандарды садага чапкан инсандан келечекте эмнени күтсө болот. Туура, саясатта бардык ыкманы колдонсо болот, саясатта бир гана кызыкчылык. Деген менен, адамдык сапат саясаттан да жогору болуусу керек. Мамлекетте “ызы чуу кылабыз” дегендердин көбү камалышты. Ал эми анын башында туруп дирижёрлук кылгандар эркиндикте саясатын тымызын улантып келишет. Мен бул постумда бирөө камалсын деген ойду айткым келген жок. Айтайын дегеним ошол адамдын кечээкиси менен бүгүнкүсүнө саресеп салып, анын анык жүзүн тереңирээк түшүнө жүрсөңөр деген ой. Эртең кесиптештери колдоо көрсөтпөй коюшса аларга дароо кошоматчы, сабатсыздар деген ат коюлат, а тиги саясий баатырга айланат. Мына ушундай учурда коомчулука так, туура жана системдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү керек,”- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1331