25-мартта Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБге барып, “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген таризде арыз менен кайрылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бул арыз Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталат. Ошол эле күнү тактап айтканда, 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20:00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калган.
Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.