7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналист, блогерлердин үйүн тинтип, суракка алып келиниши боюнча ИИМ маалымат берди

462

«Айт Айт Десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардын массалык баш аламандыктарга чакырык жазагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда, «Айт Айт Десе» жана «Temirov Live» аталышындагы соцбаракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган.

Аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 2024-жылдын 12-январында эскспертизанын корутундусуна ылайык «Айт Айт Десе», «Temirov Live» аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 278 –беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен ( Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Учурда тергөө иликтөө иш чаралары уланууда.

463