1-2-июль күндөрү Ысык-Көлдө журналисттер арасында спорттук мелдештер өттү. Ага 7-каналдын кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти.
Катышуучулар кичи-футбол, волейбол, шахмат, тогуз-коргоол, сууда сүзүү боюнча күч сынашты. Оюндар командалар арасында өтүп, анын ичинен 7-каналдын журналисттери Курсантбек Шарабидинов, Луиза Анатаева волейбол боюнча 1-орунду, ал эми Асылайым Кушназарова шахмат, сууда сүзүү жана тогуз-коргоол боюнча 3-орунду, волейбол боюнча 2-орунду алды.
Жалпысынан жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Иш-чаранын максаты ден соолукту чыңдоо, массалык иштерди өнүктүрүү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо болуп саналат.