7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналистти сүзүп кеткен айдоочу: Өз жолум менен эле бара жаткам

730

Журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалганын ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 18-октябрда саат 17:30дар чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө болгон.

Буга чейин «Арча Медиа» каналынын журналисти Сайпидин Султаналиевди унаа сүзүп, оор жаракат менен ооруканага түшкөнүн басылма жазып чыккан.

Журналист өзү мотороллер менен жол кыймылынын бардык эрежелерин сактап жүргөнүн айткан. Кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Окуяга күбө болгондор ага Тез жардам жана милицияны чакырып, жардам көрсөтүшкөн.

Унаанын айдоочусу «Саатына 50 чакырым ылдамдыкта бара жаткам. Оң тарапта келе жаткан мопедди көрдүм. Өз жолум менен эле айдап кете бердим. Анын тилкесине чыккан эмесмин. Мопед өзү унаамды жөөлөп алды. Ал учур видеодо деле бар. Мен анын журналист экенин кечинде билдим. Үйүмө милиция кызматкерлер барыптыр, ал учурда жок элем. Мага чалышты, өзүм келдим», — деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731