Журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалганын ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 18-октябрда саат 17:30дар чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө болгон.
Буга чейин «Арча Медиа» каналынын журналисти Сайпидин Султаналиевди унаа сүзүп, оор жаракат менен ооруканага түшкөнүн басылма жазып чыккан.
Журналист өзү мотороллер менен жол кыймылынын бардык эрежелерин сактап жүргөнүн айткан. Кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Окуяга күбө болгондор ага Тез жардам жана милицияны чакырып, жардам көрсөтүшкөн.
Унаанын айдоочусу «Саатына 50 чакырым ылдамдыкта бара жаткам. Оң тарапта келе жаткан мопедди көрдүм. Өз жолум менен эле айдап кете бердим. Анын тилкесине чыккан эмесмин. Мопед өзү унаамды жөөлөп алды. Ал учур видеодо деле бар. Мен анын журналист экенин кечинде билдим. Үйүмө милиция кызматкерлер барыптыр, ал учурда жок элем. Мага чалышты, өзүм келдим», — деди.