7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылдын мыкты медайымы аталды

727

National Medicine Awards сыйлыктарын  тапшыруу аземинде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты медайымы” номинациясында №8 ҮМБнын медициналык консультациялык бөлүмүнүн улук медайымы Светлана Шайбекова жеңишке жетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

  • Шайбекова Светлана Анарбаевна 1985-жылы Кара-Балта медициналык окуу жайына тапшырган. Окууну аяктагандан кийин Сокулук райондук борбордук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө медайым болуп иштеген.
  • 1993-1999-жылдары №3 балдар клиникалык ооруканасынын көкүрөк бөлүмүндө медайым болуп иштеген. Кийин №16 шаардык бейтапкананын хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштеген.
  • 2001-жылы №8 ҮМБнын хирургия бөлүмүнө медайым болуп кабыл алынып, учурда медициналык консультациялык бөлүмдө улук медайым болуп эмгектенет.
  • Светлана Анарбаевна иштеген мезгилинде өзүн эмгекчил, аткаруучу, жоопкерчиликтүү медициналык айым катары көрсөтүп, ҮМБнын коомдук жашоосуна активдүү катышат, бейтаптар жана кызматкерлер арасында кадыр-баркка ээ.
  • Медициналык манипуляциянын бардык ыкмаларын билет, жогорку квалификациялык категорияга ээ, ошондой эле кесиптик билимди жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштеп келет.
  • Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын сыйлыгы жана 2014-жылы КР «Саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземинин уюштуруучусу КРнын пластикалык хирургдар ассоциациясынын төрагасы, медицина илимдеринин кандидаты Султан Тукешов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728