7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жылдын мыкты мектеби» деп Тогуз-Торонун мектеби аталды

484

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди. 

Буга чейин министрлик ар бир жаранды “Өз мектебиңди колдо!” хештеги менен челленджге катышууга чакырып, мыкты мектеп тандоого бул демилге да жардам берген.

“Кыргызстандын мыкты мектеби” тандоосуна 122 мектеп катышып, бардыгы ыраазычылык кат менен сыйланышкан. Сынак республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу максатында уюштурулган.

485