Жылдыз Жолдошева Бектур Асановду сынга алып, анын Айгүл Жапарова жөнүндө айткан ушактары, жумшак айтканда мырза жигитке таандык мүнөз эмес экендигин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын билдирүүсүнө ылайык, Айгүл Жапарованы ал 10 жылдан бери тааныйт.
«Айгүлдү мен, 2010 жылдан бери жакындан тааныйм жана билем.
Айгүлдүн башынан эмнелер гана өткөн жок…
Мени таң калтырганы Айгүлдүн сабырдуулугу, көтөрүмдүүлүгү, бир калыпта жүргөнү ( жан дүйнөсү өрттөнүп жатса дагы) эч кимге сыр билдирбеген өзгөчөлүгү, терең акылы. Баласынын өлүмүнө себепкер болгон, адамды кечирген Эне, Ата эч качан бирөөгө жамандык жасабайт…кечирүү үчүн кандай эрк керек?
Кийинки учурда соцтармактарда, Садыр Жапаровтун фанаты деп, айрым оппоненттери Асанов айткандай атайын зөөкүрлөрдү уюштуруп Жапаровтун өзүнө эле эмес, жубайы Айгүлдү каралоого өтүштү. Урматтуу мекендештер ишенбегиле!
Анткени Садыр, Айгүл Жапаровтор шайлоону сабырдуулук менен жеңип чыгышы талашсыз, себеби бул үлгүлүү жубайларда майтарылгыс эрк жана кайрат бар», — деп жазган.