7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылдыз Жолдошева: Равшан Сабиров кыргызчаны суудай, таза, так сүйлөйт!

300

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошева президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган Равшан Сабиров тууралуу пикирин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактарына жазган.

Анын айтымында, Равшан Сабиров тажик улутунан болгону менен кыргыз тилинде суудай, таза жана так сүйлөйт.

«Урматтуу ФБ достор, эгерде кимдир бирөөнү жакындан билбесең…анда абайлап, аярлап жазуу керек ошол инсан боюнча. Равшан Сабиров, менин жердешим Кара-Суу районунан, Жаңы-Арык а/ө болот. Ошондуктан Равшан Азатовичти, мен жакындан билем. Кыргыз мектепти, » алтын медаль» менен бүткөн. Кыргызчаны «суудай, таза, так» сүйлөйт. Үч жогорку окуу жайын аяктаган, экономист, юрист жана таможенный тармак жагын дагы. О.э. КР ЖК V-чакырылышында бирге депутат болдук. Министр болгондо «подстава» жасашты, бирок кандай «ыпластыка барышбады» акталды. Ооба улуту тажик, бирок кыргызстандын жараны. Негизгиси, өтө «порядочный-адептүү» инсан, билими терең (4 тилде эркин сүйлөйт), тажрыйбалуу жетекчи, өтө көп кайрымдуулук иштерди жасаган боорукер, жөнөкөй, кичипейил, сөзүнө турган, достукка бекем мырза жигит.Кыргызстанда 80 ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт, мына А. Новиков орус улутунан. Кандай жакшы көрүнүш, көп улуттуу өлкөдө, ар түрдүү улуттун өкүлдөрү мамлекеттик кызматта, ынтымакта өлкөбүздүн өнүгүүсү боюнча биргелешип иштешсе. Кыргызстаным көп улутту болгону менен өзгөчө.Өркүндөй бер, менин, сенин Кыргызстаныбыз!», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

301