“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда тесттик иштер жүрүп жатат
19
В1 жана В2 линияларында тесттик иштерди жүргүзүү үчүн гондолдук кабинкалар илинди.
Бул кабинкалар — Австриянын Doppelmayr компаниясы тарабынан чыгарылган заманбап гондолдук кабинкалар.
Компания дүйнө жүзү боюнча асма аркан жолдорун куруу боюнча лидер. Кабинкалар жогорку сапаты, ыңгайлуулугу жана эл аралык коопсуздук стандарттарына толук шайкештиги менен айырмаланат.
Кабинкаларды тесттик түрдө түрдө орнотуу — адистерге бардык системаларды комплекстүү текшерүүгө мүмкүндүк берет: кыймыл механикасын, туруктуулукту, асма жабдуулардын иштешин, ошондой эле коопсуздук жана башкаруу системаларын.
В1 жана В2 линияларындагы тесттик иштер асма аркан жолду ишке киргизүүдөн мурунку маанилүү этап болуп саналат жана жабдуулардын жүргүнчүлөрдү кабыл алууга даяр экенин тастыктайт.