Жыргалбек Шакиев борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аким Кыргызстандын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамынын 17-беренесине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.