Садыр Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады.
Жарлыктарга ылайык, Жамалдинов Зиядин Исламович Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.