7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Зордук-зомбулуксуз жашоо, бактылуу балалык» өспүрүмдөрдүн көзү менен

1985

Бүгүн 3-март күнү Жалал-Абад шаарынын №7-мектебинде өспүрүмдөр арасында «Мен Кыргызстанымда бактылуу балалыкта жашагым келет!» аталышындагы укуктук-маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

«Зордук зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулуктуу жоюу» жана топтошуп мушташууларды болтурбоону максат кылган бул иш-чарага Жалал-Абад ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышышты.

Иш-чара учурунда азыркы мезгилде көйгөй жаратып жаткан миграция маселеси талкууга алынып, өспүрүмдөрдүн катышуусунда турмушту чагылдырган атайын сценарийдеги спектакль уюштурулду.

Мындан тышкары өспүрүмдөрдү мекенчилдикке чакыруу, сергек жашоого үндөө максатында Жалал-Абад жана Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө» карата тарых таржымалы туурасында окуучуларга сабактар уюштурулуп, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңештер айтылып, окуучулардын суроолоруна жооптор берилип, ачык маектер өткөрүлдү.

Ал эми бул иш-чарага катышкан окуучулар алардын келечеги үчүн кам көрүп жаткан укук коргоочуларга жана улуу муунга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

1986