2021-жылдын январь айында 344 миң 826 насыя алуучуга төлөө үчүн субсидиянын көлөмү 240 миллион 423,6 миң сомду түздү.
Эске салсак, мындай чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдан улам, финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Насыя алуучулардын аярлуу катмарына 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча үч ай ичинде (2020-жылдын декабры жана 2021-жылдын январь-февраль айлары) пайыздык төлөмдөрдү төлөө түрүндө жардам көрсөтүлөт.
Үстүбүздөгү жылдын февралы айы үчүн насыялар боюнча пайыздарды субсидиялоо үстүбүздөгү жылдын март айында жүргүзүлөт.