Бүгүн 2-октябрга карата өлкөдө коронавируска каршы эмделген адамдардын жалпы саны 1 млн. 461 миң 885 адамды түздү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 833 472 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 628 413 киши эки дозасын тең алды.
Акыркы суткада өлкөдөгү эмдөө түйүндөрүндө, медициналык мекемелерде 9 153 адам эмделди. Алардын 4 586сы вакцинанын 1-дозасын алса, 4 566 киши экинчи дозасын алды.
Коронавируска каршы эмдөө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V жана Европа өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакциналары менен жүрүүдө.
Эскерте кетсек, вакцина эки дозада сайылып, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Толук эмдөөдөн өткөндөргө сертификат берилет.