Бүгүн Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты эркин күрөш менен башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбандарынын арасынан биринчи болуп Улукбек Жолдошбеков килемге чыгат. Ал 61 килограмм салмак категориясы боюнча монголиялык Тухинтулга Туменбилег менен күрөшөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Эскерте кетсек, эртең Алибек Осмонов (65 килограмм) франциялык, Арсалан Будажапов (79 килограмм) россиялык балбан менен өз күчүн сынайт.
4-октябрда Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев (70 килограмм) Шри-Ланкадан келген балбан менен күрөшөт.