Өз мекенинде бир жарым миллион доллардан көп кредит алып, кайтарбастан качып жүргөн өзбекстандык жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жараны 1977-жылы туулган, К.О. коӊшу Өзбекстандандан изделип жаткан. Мамлекеттер аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча келишимдерге ылайык, ал Кыргызстандын Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алынган маалыматтарга караганда кармалган жаран 2021-жылдын июнь айында Өзбекстандагы банктарлын биринен 1 641 925 (бир миллион алты жүз кырк бир миң тогуз жүз жыйырма беш) АКШ долларын кредитке алып, аталган акчаларды төлөбөй, өзүнүн кылмыш шериктеши менен биргеликте, өздөрүнөн кызыкчылыгына иштетип жиберишип, акчаны кайтарбастан изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Өзбекстандын Жазык кодексинин 167-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана 189-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө карата издөө жарыяланып, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында шектүү Ош шаарынын аймагында кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда коӊшу мамлекет менен мамлекет аралык келишимдердин талабына ылайык, шектүүнү мекенине өткөрүп берүү боюнча иштер аткарылууда.