7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-июлдан тартып соода ишине патент жокко чыгарылат

341

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдирди.

Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек.

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:
– жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);
– бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Стратегиялык объекттерге кирген СБКнын базарлары «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

 

342