7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келинди жар-жар эмес салават айттырып киргизген Нурзат Токтосунова сынга кабылды

318

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова тойдо Жар-жардын ордуна Салават айттырып сынга кабылды. Тойдун ачылышында өзү ачкан «Нур кыздар» тобунун кыздары салават айтып, келинди алып киришкен.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул видеодон кийин эки тарапка бөлүнүшүп, бири туура десе, экинчи тарап кыргыздын каадасын бузуп жатат деген пикирлерин жазышкан.

Алып баруучу айтылган сын-пикирлерге жооп берип, жамандагандын ордуна жапа тырмак улутту көтөрүүгө салым кошкула деген.

«Өмүрүмдө 4 миң кыргыздын тоюн алып барсам, анын 3 миңин Манас айттырып ачкам. Миң көйнөк кийсем 700үн кыргызча тиктирчүмүн. 5 миң иш-чаранын 4500үн кыргызча, калганын башка тилде алып баргам. Дүйнөнү улуттук кийимде кыдырып, маданиятты, тилди мендей тааныткандар көп эмес. Негизи эле кыргыздар жаманды гана көргүбүз келип турат. Жакшыны айта албайбыз. Бизди өстүрбөй жаткан ушул сапатыбыз болсо керек. Кыргызстанда ар бир жарандын дин тутуу укугу бар. Мени өңгөчүңөрдү үзө тартып жамандагандын ордуна жапа тырмак улутту көтөрүүгө салым кошкула», — деди ал.

319