7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 27 тыйынга көтөрүлөт

9
1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 27 тыйынга жогорулайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Учурда киловатт-саатына 1 сом 37 тыйындан төлөнөт. Өкмөттүн тарифтик саясатына ылайык, электр кубатынын тарифтери жыл сайын көтөрүлөт. Бийлик 2030-жылга чейин тарифти өздүк наркка жеткирүүнү көздөөдө.
Ошондой эле Таалайбек Ибраев 2030-жылга чейин электр энергиясынын тарифтери кандайча жогорулай турганын билдирди:

2026-жылдын май айында электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттайт;

2027-жылдын май айында — 33 тыйынга;

2028-жылдын май айында — 39 тыйынга;

2029-жылдын май айында — 47 тыйынга;

2030-жылдын май айында 57 тыйынга жогорулайт.

Ушундай жол менен тариф электр энергиясынын өздүк наркынын деңгээлине жеткирилет.
10