7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жазгы талаа, оруп-жыйноо иштерине жылына 40 миң тонна күйүүчү май керектелет

273

Өлкөдөгү негизи жазгы талаа, оруп-жыйноо иш-чарасына бир жылга 40 миң тоннадай күйүүчү май керектелет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов жергиликтүү радиолордун бирине билдирди.

Маалымдалгандай, Нефтрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча күйүүчү-майлоочу майлар май куюучу жайларда жетиштүү көлөмдө бар.

“Анын 7 млн литр дизелдик отунун жеңилдетилген баа менен таратып беребиз. Мында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, агрардык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу дыйкандар өз арыздарын берип жеңилдетилген баада күйүүчү май алышса болот. Учурда Антимонополия кызматы бекиткен 74 сомдук баа менен сатылып жатат. Ал эми базар баасында күйүүчү май 78-80 сомдун тегерегинде сатылууда”,- деди Идрисов.

Ошондой эле ал айыл чарба техникалары жазгы талаа иштерине 85-86 пайыз даяр экендигин маалымдады.

“Айыл чарба техникаларына токтолсом, жалпы республика боюнча 92 миңден ашык техникабыз бар. Анын 22 миңи тракторлор, калгандары комбайн жана башка шаймандар түзөт. Учурда ошонун 85-86 пайыз техникалары талаа иштерине даярдалды. Азыр да оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрү ишке 100 пайыз даяр болот”,- деди ал.

274