1-марттан тарта ысык суунун баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул өзгөртүүлөр КРнын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин 2026-жылдын 10-мартындагы №42 буйругу менен бекитилген.
Аталган буйрукка ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан тарта (салыктарды эсепке албаганда) ысык сууга жаңы тариф белгиленди.
«Жылуулукка болгон тариф өзгөрүүсүз калат. Жаңы тариф көрсөтүлгөн күндөн тартып ысык суу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонулат.
Коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарды пландаштырууда ушул өзгөртүүнү эске алууңуздарды өтүнөбүз», — делет маалыматта.



