Бүгүн, 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырга арналган Республикалык айтыш токтотулду. Бул тууралуу төкмө акындар билдирди.
Маалым болгондой, байге фондго бөлүнгөн 1 000 000 сом акча каражаты жана иш-чарага делген тамак-аш каражаттары толугу менен Баткенге жөнөтүлөт. Баатырга жана Баткенде кечээги каргашада шейит болгондорго багышталып куран окутулуп иш-чара токтотулган.