Көңүл сыздап, ыза толгон башым бар,
Көкүрөк муң, көөдөнүмдө жашым бар.
Кара туман айдап келген мекенге,
Канкорлордо кайсы оңдуу акыл бар.
Бир мүйүздүн сынышанан миң мүйүз,
Жабыр тартат деген улуу накыл бар.
Мээрим болуп тарап турар рухуңар,
МЕКЕНИМ деп жанын берген асылдар!
********************************
Кыргызда жүрөк кең дейбиз,
Бейиштей жерди жердейбиз.
Абалтан нарктуу Кыргызым,
Ата-Журт, урпак, эл дейбиз!
Акыйкат менен жашайбыз,
Арамдык менен жеңбейбиз!
Табылгыс ыйык мекендин,
Тажикке ташын бербейбиз!
********************************
Өлүү балыктай акпайлы Кыргыз,
Өзөетү кайра тактайлы Кыргыз.
Мертинип турат белинен бүгүн,
Мекенди аман сактайлы Кыргыз!!!
*********************************