7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1 млн. долларга бааланган жер тилкеси жана ун комбинаты мамлекетке кайтарылды

204

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында өнөр жай зонасындагы 1,37 га жер жана Каракол шаарындагы 0,5 га ун комбинаты жанаша аймагы менен мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, Каракол шаарынын муниципалитетинин экс-чиновниги О.И.И. 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди төмөндөтүлгөн нарк боюнча жеке менчикке өткөрүп беришкен, ошондой эле мыйзамсыз түрдө 10 гектардан ашык жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаарынын башкы планына карама-каршы келген токтомдорду чыгарышкан.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында О.И.И. аттуу жаран келтирилген зыяндын эсебинен мамлекеттин балансына өнөр жай зонасындагы 1,37 га жер тилкесин жана Каракол шаарындагы ун комбинатын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Алардын базар баасы 1 млн.АКШ долларын түзөт.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

 

 

 

205